Биз менен байланышыңыз

2025-жылы «Ала-Арча» паркынын ичине автоунаа киргизилбейт

Кыска кабар | 3 Янв 2024 | 482 | 0

2025-жылы «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркынын ичинен автоунаа киргизилбейт. Мындай чара парктын экологиясын сактоо максатында көрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын билдирүүсүнө караганда, ага карабастан коноктор үчүн бардык шарттар түзүлөт.

«Парктын кире беришине 5 миң машинеге ылайыктуу унаа токтотуучу жай курулат, ал эми конокторду ташууга атайын экологияга зыян келтирбеген көлүктөр алынат», — деди ал.

Туманбаев ошондой эле парктын кызматкерлеринин айлык акысы жогорулай тургандыгын кошумчалады.

«Демилгени президентибиз өзү кубаттады. Бул кадам меймандарды сапатуу тейлөөгө жана кызматкерге кам көрүүгө багытталды», — деди ал.

Белгилей кетсек, Туманбаев буга чейин парктын айланасындагы эски музейдин кеңсеси толук реконструкциядан өтүп, жогорку класстагы мейманканага айлангандыгын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM