Сузакта Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери Тешебай Ашуров көз жумду. Кабарды райондук акимиат тастыктаганын «Турмуш» басылмасы жазды.
Ардагердин сөөгү кечээ, 31-декабрда өзү туулган Ырыс айылында жерге берилген.
Тешебай Ашуров 1924-жылы туулган. Улуу Ата Мекендик согушка 1943-жылы чакырылып, №1 Беларусь фронтунда маршал Жуковдун армиясында кызмат өтөгөн.
Жеңишти Берлин шаарынан тоскон. Андан көп өтпөй туулган жерине кайтып келип, ардактуу эс алууга чыкканга чейин механизатор болуп эмгектенген.