Марал Радиосу

Сузакта Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери көз жумду

Сузакта Улуу Ата Мекендик согуштун акыркы ардагери Тешебай Ашуров көз жумду. Кабарды райондук акимиат тастыктаганын «Турмуш» басылмасы жазды.

Ардагердин сөөгү кечээ, 31-декабрда өзү туулган Ырыс айылында жерге берилген.

Тешебай Ашуров 1924-жылы туулган. Улуу Ата Мекендик согушка 1943-жылы чакырылып, №1 Беларусь фронтунда маршал Жуковдун армиясында кызмат өтөгөн.

Жеңишти Берлин шаарынан тоскон. Андан көп өтпөй туулган жерине кайтып келип, ардактуу эс алууга чыкканга чейин механизатор болуп эмгектенген.

Exit mobile version