Биз менен байланышыңыз

«Эмарк Групп» курулуш компаниясынын жетекчиси абактан бошотулду

Кыска кабар | 29 Дек 2023 | 133 | 0

«Эмарк Групп» курулуш компаниясынын жетекчиси Чолпонбек Акматовдун бөгөт чарасы эч жакка чыкпоого алмаштырылып, тергөө абагынан бошотулду. Мындай чечимди Октябрь райондук соту 27-декабрда чыгарганын Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы 29-декабрда кабарлады

Маалыматка ылайык, анын бөгөт чарасын өзгөртүү өтүнүчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин тергөөчүсү берген.

Ал Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 12-октябрында тергөө абагына киргизилген. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту («Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча шектүү катары УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM