Биз менен байланышыңыз

Президент: Быйыл бажы төлөмдөрүнөн 111 млрд сом түшөрү болжолдонууда

Без рубрики | 28 Дек 2023 | 52 | 0

Жыл аягына чейин бажы төлөмдөрүнүн суммасын 111 млрд сомго чейин көбөйтүү күтүлүүдө, бул бардык жылдардагы чогултуунун рекорддук көрсөткүчү болмокчу. Мындай пикирин Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-декабрда Бажы кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта билдирди.

Иш-чаранын алкагында өлкө башчысы Мамлекеттик бажы кызматынын музейине барды. Аны менен катар Кырдаалдык борбордун иши менен таанышты.

Андан соң салтанаттуу жыйында сөз сүйлөп, бажы кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Президент өз сөзүндө бажы кызматы коопсуздукту камсыздоо, мыйзамды бекем сактоо, бюджетти көбөйтүү боюнча экономикалык милдеттерин өз деңгээлинде аткарып келгенин белгиледи.

«Соңку тарыхыбызда бажы органдары олуттуу өзгөрүүлөргө дуушар болду. Учурда тышкы экономикалык ишмердикти жүргүзүү жаатында жагымдуу шарттарды түзүү боюнча алдыңкы органдардын катарына кирди. Талбаган иш-аракети менен инвестициялык климатты жакшыртууга, улуттук экономиканын атаандаштыгын жогорулатууга көмөк көрсөтүүнүн үстүндө», — деди ал.

Аны менен катар бажы кызматынын тышкы соода операциясындагы ролуна, тышкы инвесторлор биринчи кезекте бажы органдары аркылуу өтөрүнө токтолду.

Андан тышкары Бажы кызматы быйылкы жылдын 11 айында бажы төлөмдөрүн 100 млрд 755 млн 300 миң сом өлчөмүндө чогултканын, тактап айтканда, план 7 млрд сомго ашык аткарылганын, бул рекорддук көрсөткүч экенин, жыл аягына чейин  төлөмдөрдүн суммасын 111 млрд сомго чейин көбөйтүү күтүлүп жатканын айтып өттү.

«Бажы кызматынын жетекчилигине 107,6 млрд сом чогултуу тапшырмасы коюлган эле, силер бул тапшырманы ийгиликтүү аткардыңар», — деди Президент.

Президент айткан маалыматка караганда, 2023-жылдын 11 айында бажы чөйрөсүндө 5 миң 547 укук бузуу жана кылмыш катталып, андан 656 млн 600 миң сом өндүрүлгөн. Бул кылмыштардын жана аттестациядан өткөрүүнүн негизинде 76 кызматкер ишинен бошотулган.

Ошондой эле мыйзамсыз иштерди азайтууга санариптик системанын, тагыраагы, электрондук өткөрүү пунктунун, унаалардын өтүшүндөгү заманбап механизмдердин, онлайн төлөмдөрдүн, маалыматтык тутумдун тийгизген таасирин белгилеп өтүп, мындай аракеттерди кийинки жылдарда да улантууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM