Биз менен байланышыңыз

Көрүстөндөрдөгү коррупцияга чекит коюлабы?

Коом | 25 Дек 2023 | 380 | 0

Бүгүн парламенттин тармактык комитетинде «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үчүнчү окууда колдоо тапты. Долбоордо маркумду узатуудагы кызмат көрсөтүүлөр тизмектелип, жерге берүүдө жөлөк пул төлөө, мүрзөлөрдөгү санитардык-экологиялык талаптарды иретке келтирүү маселелери каралган. Мыйзамдын негизги максаты: көрүстөндөрдөгү коррупцияга бөгөт коюу. 

Мыйзам долбоору маркумду акыркы жайына узатуудагы туугандарынын каалоосун, өзүнүн көзү тирүүсүндө калтырган керээзин эске алуу менен сөөктү жерге берүүнүн укуктук кепилдиктерин камсыздайт.

Долбоордун демилгечилеринин бири депутат Марлен Маматалиев киргизилген өзгөртүүлөр боюнча буларга токтолду:

«Сунушталып жаткан мыйзам долбооруна ылайык, көрүстөндөр жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын түздөн-түз карамагында болот. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында ар бир адамга анын дин таануусуна, жашаган жерине карабай, керээзин эске алуу менен сөөгүн коюуга, сөөгүн жайга берүү үчүн белгиленген өлчөмдө жер участогун акысыз негизде берүүгө кепилдик берилет». 

Эл өкүлү мыйзам кабыл алынса, көзү өткөн адамдын жанынан аялы же күйөөсү үчүн жай алып коюуга жол берилерин кошумчалады.

Депутат Дастан Бекешев акыркы нормага жарандык никеде жашаган, ортодо балдары бар жубайларды да кошууну сунуштады.

Депутат Айбек Маткеримов алыскы аймактардан Бишкек шаарына келип, каза болгондордун маселесин көтөрдү. Анын айтымында, маселен, түштө каза болгон адамды экспертиза эртең менен карап, сөөктү көпкө кармап коюп жатышат.

«Ооруканаларда каза болгон жарандардын жакындарына врачтар: «Биз маркумду сөзсүз түрдө экспертизадан өткөрүшүбүз керек. Андан кийин гана каза болгондугу тууралуу маалымкат беребиз», — дешип туугандары ага макулбу же жокпу, ага карабастан жасап жатышат. Биздин салтка жараша жакындары ага макул болбой, баш тартуу үчүн «тирүү алып чыгып кетип жатам» деген кагаз жазып берип коюшуп, бүгүнкү күнгө чейин каза болгондугу тууралуу маалымкат ала албай жүрүшкөндөр да бар. Мага да бир нече жарандын кайрылуусу келип түштү. Бүгүнкү күндө алыскы аймактан келген жарандарыбызга кыйын болууда. Түштөн кийин каза болсо, эртең эрте менен каралат да, бюрократия башталат. Аргасыздан «тирүү алып чыгып кетип жатам» деп, кол коюп берип жатышат».

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев бул маселени биргелешип чечүү жолдорун карап чыгууну сунуштады.

«Буга чейин ооруканадан эле дароо берилчү. Бирок көп кемчилик, каталар кетип калгандыктан, каза болгондугу тууралуу маалымкатты бир гана өлүкканадан бере тургандай кылганбыз. Мен бул маселе боюнча тиешелүү адистер менен сүйлөшүп көрөйүн».

Депутат Марлен Маматалиев маркумга кара кагаз алууда коррупциялык иштер бар экенин айтып, аны жөнгө салуу жолдору мыйзамда камтылганына токтолду:

«Бүгүнкү күндө эң чоң маселе — коррупция. Жаран кайда каза болбосун, кара кагаз алып барбасаң, мүрзөдөн жер бербейт. Моргдо «сөзсүз түрдө кестирүү керек» деген маселе турат. Ал жерден кестирбей эле акча берип алып чыгып кетип жатышат. Ошондуктан биз маалымкат берүүнү экиге бөлүп койдук: кара кагазды ошол жерден дароо берет; ал эми маалымкатты маркумдун жакындары эч кандай маселе жаратпаса, тиешелүү органдар өлүмдүн себебин аныктагандан кийин берсе болот. Азыр мыйзамда ооруканадан өлүкканага алып барып, жакындары кагаз түрүндө «биздин эч кандай дообуз жок» дешип, алып чыгып кете берет. Муну менен коррупцияга бөгөт коё алабыз».

Бул маселе боюнча 1-декабрда мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда парламенттик угуу өткөн.

Көрүстөндөгү коррупция боюнча бир нече журналисттик иликтөө жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM