Биз менен байланышыңыз

Таалатбек Масадыков ЖККУнун Башкы катчысынын орун басары болуп дайындалды

Кыска кабар | 22 Дек 2023 | 223 | 0

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Таалатбек Масадыков 2024-жылдын 1-январынан тартып Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Башкы катчысынын орун басарынын квоталык кызмат ордуна дайындалды жана ал мурда ээлеген кызматынан бошотулду.

Белгилей кетсек, бүгүн, 22-декабрда, Мамлекет башчысы Таалатбек Масадыковду кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө ЖККУнун ишинин артыкчылыктуу багыттары боюнча бир катар маселелер талкууланды.

Буга чейин ал Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары, президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү болуп иштеп келген

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM