Биз менен байланышыңыз

Президент мамлекеттик тууну өзгөртүү мыйзамына кол койду

Кыска кабар | 22 Дек 2023 | 501 | 2

Бүгүн, 22-декабрда президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 20-декабрда кабыл алынган.

Демилгечилер мыйзам туу өзгөрбөгөнүн, жөн гана жакшыртылганын жүйө келтиришет.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, мамлекеттик туудагы күн нурунун толкун сымал формасы түздөлүп, чамгаракка төрткө көбөйгөн.

Ошондой эле туунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрү жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин, ал эми унаалардын номердик белгилери жана туунун сүрөтү түшүрүлгөн транспорт каражатын каттоо күбөлүгү тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан аларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин колдонулат.

2 пикир

2 пикир

  1. Бакас

    22.12.2023 20:02

    Мунапыска качан кол койот экен?

  2. Кошой

    23.12.2023 19:12

    Улуу урматтуу биздин президент чет жакта жүргөн мигранттар ойлоп да койгон жоксуз алардын документтерин эми кандай болот деп 30 жылдан бер Алмашбаган желек алмаштырып койдунар уят башка мамлекеттер уят болдук

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM