Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Эртең 12 градуска чейин жылуу болот

Кыска кабар | 21 Дек 2023 | 655 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

22-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, Чүй облусунда 15-20 метрге чейин жетет. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10,

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM