22-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метр, Чүй облусунда 15-20 метрге чейин жетет. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10,
Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +4…+9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз +2…+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз +8…+10 градус жылуу болот.