Биз менен байланышыңыз

Тууну өзгөртүүнү колдогон депутаттардын саны дагы төрткө көбөйдү

Кыска кабар | 21 Дек 2023 | 275 | 0

Жогорку Кеңештин 21-декабрдагы жыйынында дагы төрт депутат «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам долбоорун колдой турганын айтышты.

Алар: «Альянс» фракциясынын депутаттары Гүлкан Молдобекова, Азамат Исираилов, «Элдик» депутаттык тобунан Арсланбек Малиев, «Мекенчил» тобунан Данияр Төлөнов.

Депутаттар добуш берүүгө катышуу мүмкүнчүлүгү болбой калганын, негизи мыйзам долбоорун колдой турушканы белгилешти.

Жогорку Кеңеш 20-декабрдагы жыйынында тууну өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда дароо кабыл алды. Мыйзам долбоору боюнча талкуу болгон жок. Добуш берүүгө коюлуп, экинчи окууда 58 депутат «макул», алты депутат «каршы» добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат колдоп, беш депутат каршы чыкты.

 

Тууну өзгөртүү: чыгармачыл адамдардын реакциясы кандай болду?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM