Биз менен байланышыңыз

Тууну өзгөртүү: чыгармачыл адамдардын реакциясы кандай болду?

Блог , Коом | 20 Дек 2023 | 469 | 0

Коомчулукта желектин өзгөрүүсүнө каршы пикирин билдиргендердин саны көп. Алар социалдык тармактар аркылуу өз пикирлерин жазып, нааразычылыгын билдиришүүдө. Ошондой эле акын-жазуучулар, активисттер, коомдук ишмерлер да элдин пикири эске алынбаганын айтып, чыгармачылык ой-толгоолору менен бөлүшүүдө. Ал ортодо жаңы сунушталган тууну колдогондор да бар. Акындардын, маданият ишмерлеринин туу жөнүндө жазган ырларын, алар муну менен эмнени айткысы келгени тууралуу баяндайбыз.

Мындан 31жыл мурда, тагыраагы 1992-жылдын 3-мартында легендарлуу парламенттин учурунда кабыл алынган мамлекеттик туу бүгүн, 20-декабрда Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаттары тарабынан оңдоп түзөлө турган болду. Мыйзам долбоорун жалпы жыйында депутаттар экинчи жана үчүнчү окууда дароо, талкуусуз колдошту.

Желекти өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган күндөн тарта коомчулукта кызуу талкууланды. Анда дээрлик көпчүлүгү “туу өзгөрүлбөсүн”, “ордунда калсын!”, “тууга

тийбегиле, ал элдики!” жана башка чакырыктар менен каршы пикирлерин билдирип келишкен.

Туунун өзгөрүүсү чыгармачыл адамдардын жүрөгүнөн өттү. Өзү акын, депутат Мирлан Самыйкожо туунун өзгөрүүсүнө каршы болгон парламентарийлердин сап башында тургандардын бири. Ал бүгүнкү талкууланбай кабыл алынган мыйзамдан кийин, “Жылмыңдап күлүп жүрөккө-жарака кетирбегиле. Жан чыккан күнү сөөгүмдү, желекке кепиндегиле!!!” деп жазды.

Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыктын лауреаты, акын Алтынбек Исмаилов Фейсбук баракчасына “Эл өкүлү… эрки бош… айдактама…” деп аталган ырын жарыялаган. Анда эл тарабынан шайланып, Жогорку Кеңешке депутат болгон эл өкүлдөрү тууралуу жазган.

«Эл өкүлү… эрки бош… айдактама…

Эл тагдырын тапшырган байлап сага.

Өз калкыңдын сунушун четке кагып,

Эл өкүлү… эрки бош… айдактама…

Эл тагдырын тапшырган байлап сага.

Өз калкыңдын сунушун четке кагып,

Өзүм баарын чечем деп дардактаба!

Ойлонбостон опоңой алмаштырчу,

Оюнчук же байпакпы байрак сага?!»

 

Дагы бир жаш акын Улукбек Омокеев  тууну өзгөртсө эле, бардык маселелер чечилбестигин белгилеп, Кыргызстандын атын дүйнөгө туу менен тааныткан адамдар көтөргөн желекти өзгөртпөйлү деп айткан.

Журналист Нурболот Азамат өлкөнүн ар бир жеңишинде желек желбиреп, келечекке үмүт, шам бергенин жазып, жакшы күндө да, кыйын күндө да элге сиңген желек менен коштошуу оор экенин айтат.

Төкмө акын Жылдызбек Төрөканов президент Садыр Жапаровго кайрылып, эл туунун өзгөртүүгө каршылыгын, 1992-жылы кабыл алынган тууга канчалаган спортчулардын тери төгүлгөнүн, туудагы нурлар күн карама эмес экенин, алгач күн карама чиновниктерди өзгөртүү керектигин ырлары аркылуу жеткиргенге аракет кылды.

Ошондой эле, төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр да туу маселесинде какшык иретинде ыр жазып, Фейсбук аркылуу пикирин билдирди. Ошондой эле, төкмө акындар Азамат Болгонбаев, Амантай Кутманалиев да желектин өзгөрүүсүнө каршы пикирлерин социалдык тармак аркылуу жеткиришти. Ал эми коомдук ишмер, саясатчы Эмилбек Каптагаев «Эгемендикке эгиз болуп, анын символу болуп калган ТУУ жыгылды, ТҮНДҮК түштү … Элдин НАЗАРЫ сынды, көңүлү сууду… Азырынча аттиң дегенден башка арга жок…» деген пикирин жазды.

Ал эми туунун авторлорунун бири Бек Жайчыбеков да Фейсбук аркылуу бүгүнкү тарыхый окуяга өз баасын берди.

 

Copyright © 2017 Maral FM