Connect with us

Парламент тууну өзгөртүүнү экинчи, үчүнчү окууда дароо колдоду

Кыска кабар | 20 Дек 2023 | 394 | 0

Жогорку Кеңеш 20-декабрдагы жыйынында «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда дароо кабыл алды.

Мыйзам долбоору боюнча талкуу болгон жок. Депутат Нуржигит Кадырбеков гана сөз сүйлөп, ырым-жырымга ишенип отурбай, тууну өзгөртүүсүз калтыруу керектигин айтты.

Мыйзам долбоору дароо добуш берүүгө коюлуп, экинчи окууда 58 депутат “макул”, алты депутат “каршы” добуш берди. Үчүнчү окууда 59 депутат колдоп, беш депутат каршы чыкты.

Парламент спикери Нурланбек Шакиев депутаттарды мамлекеттик туунун «оңдолушу» менен куттуктады.

«Легендарлуу парламент деп кайталай бергендин пайдасы жок. Ар бир доордун легендасы болот. Мен ойлойм, бүгүнкү чакырылыш да мамлекеттик тууну өзгөрткөнү үчүн легендарлуу болуп калышы толук мүмкүн. Ар кандай ача пикирлер болду. Айрыкча менин дарегиме көптөгөн сын-пикир айтылды. Бирок мен жооп берген жокмун. Менин оюмча жооп ушул болду» , — деди спикер.

Мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов.

«Күн карама болбойбуз». Тууну өзгөртүүнү тармактык комитет колдоду

Copyright © 2017 Maral FM