Биз менен байланышыңыз

«Күн карама болбойбуз». Тууну өзгөртүүнү тармактык комитет колдоду

Коом | 28 Ноя 2023 | 532 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин 28-ноябрдагы отурумунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов.

Депутат Улан Примов мыйзам долбоору желекти жакшыртууга багытталганын, андагы нурлардын формасын толкун сымал формалардан күндүн нурларына окшош формага өзгөртүү сунушталып жатканын айтты.

Ал мамлекеттик туунун сүрөтү түшүрүлгөн документтер, иш кагаздарын дароо өзгөртүүгө кажет жок экенин, мөөнөтү бүткөнчө иштей турганын белгиледи.

«Өлкөбүздүн туусунун кээ бир элементтерин колдогондор да жок эмес, ошол эле учурда каршы пикир айткандар да бар экендиги талашсыз. Демократиялык, эркин мамлекетте мындай процесстердин болушу табигый көрүнүш. Биз жарандардан келип түшкөн негиздүү сунуштарды жумушчу топ менен карап, талкуу жүргүздүк. Мыйзам долбоорун экинчи окууга дагы толуктап, иштеп келебиз».

Талкуу учурунда депутат Дастанбек Жумабеков желектин айрым элементтерин өзгөртүү маселеси боюнча референдум өткөрүүнү сунуштады. Ал туудагы күндүн нуру эле эмес, түндүктү да өзгөртүүгө нааразылык билдирип, мындай өзгөртүүлөр ар бир жаранды ойлондурган маселе экенин айтты.

«Мамлекеттик тууну өзгөртүү идеясы эмнеден келип чыкты, так түшүндүрбөй жатасыңар, сиз менен төрагага эмнеге жакпай калганын себебин айткан жоксуңар. Андан тышкары, сиздер сунуштаган туудагы күндүн нуру түз, тик тиет деген физикалык же геометриялык далил барбы?».

Демилгечи: «Ар бир көрүнүштү өзүбүздүн көз карашыбыз менен кабылдайбыз. Физикалык көрсөтмөлөргө таянган жокпуз. Тууну өзгөртүү физикалык далил же кандайдыр бир интерпретацияда талкулоочу иш эмес деп эсептейбиз», — деп жооп берди.

Желектеги күн нурларынын жаңы эскизин даярдоодо бул тууну баштапкы этапта иштеп чыгуучу авторлор тартылган, алар менен математикалык эсептөөлөр, чиймелер жана коштоочу иштер жүргүзүлгөн.

Авторлордун бири Жусуп Матаев түп нускасындагы версиясы өзгөртүлүп, алгач күндүн нурларына так окшош форма сунушталганын айтты.

Каржы маселеси тууралуу сөз болуп, мамлекеттик тууну өзгөртүүгө кете турган акчаны бөлүп берүүгө өкмөт каршы эмес экенин Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытов айтты.

«Биз биринчиден мыйзам долбоорун колдойбуз. Ошол эле учурда каржыга байланыштуу дагы бир беренени киргизип жатабыз. Ага ылайык, укуктук мамлекеттик органдар тарабынан чечим кабыл алынса, чоң каржы талап кылынбайт, талап кылынса да ар бир министрлик, мекеменин бюджетинин алкагында иштер аткарылат. Каражат маселесине каршы эмеспиз», — деди өкмөттүн өкүлү.

Жогорку Кеңештин депутаты Нурланбек Азыгалиев мамлекеттик символдор учурдун талабына ылайык өзгөрүп турушу керек деген пикирде. Себеби мамлекеттик герб менен гимнди да өзгөртүү тууралуу элден көп сунуш келүүдө.

«Мисалы, бүгүнкү күндө бизде пахта өсөт, эртең өспөй калса, гербди да өзгөртүүгө туура келет, учурдун талабына ылайык, мамлекеттик символдорду өзгөртүп турган оң», — деди Азыгалиев.

Жогорку Кеңештин тармактык комитети «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды. Мыйзам долбоору эми парламенттин жалпы жыйынында каралат.

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине курган маегинде мамлекеттик тууну өзгөртүү сунушуна каршы эмес экенин айткан.

«Чынын айтсак, эгемендүүлүк алгандан бери башкаларга күн карама болуп келбедикпи. Ошондуктан туубузга түзөтүүлөрдү киргизүүнүн убакыт-сааты келгендей. Дүйнө жүзүндө мамлекеттик тууларынын элементтерин өзгөрткөн өлкөлөр жок эмес, мындай учурлар болуп келген. Депутаттардын демилгесине келсек, жакшылап, маани бере турган болсок, алар туунун концепциясын алмаштырууну демилгелеген жок. Болгону эл сөз кылып келген «күн карамадай болуп калган Күн нурларын оңдоп коёлу» деген ой менен чыгып жатышат. Ачык эле айтып коёюн, алардын алгачкы сунуштаган варианты мага да жеткире иштелип чыкпагандай сезилген, Күн нурлары тикенектей болуп көрүнгөн. Кечээ адистер менен кеңешип, кайра оңдоп чыгышыптыр. Бул вариантында мамлекеттик желегибиздеги Күн нурлары эми чындап окшошуптур. Эми ушул вариант Кудай буюруп кабыл алынып калса, күн карама болбойбуз, мындан ары күн бизди карап жылмайып тургандай болот (күлүп). Кандайдыр бир ырым-жырымды кармангандан алысмын. Бирок туудагы түндүгүбүздөн Күн бизге шооласын чачып турган сымал «эми эч кимдин көзүн карабай, өз алдыбызча жаркырап өнүгөбүз» деп жакшы ниет кылалы», — деген мамлекет башчы.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев туунун өзгөрүшүн колдой турганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазган.

«Менин пикирим боюнча, өзгөртүшүбүз керек. Туубузга карап түздөлөбүз, урматтайбыз, мамлекетибизди туу аркылуу таанышат. Демек, күн карама болбостон тике тийген, күндөй жаркыраган белги берилиши керек».

Анткен менен социалдык тармактын колдонуучулары мамлекеттик тууну алмаштырууга каршы пикирлерин айтууда.

Быйыл сентябрда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштаган долбоор коомдук талкууга коюлган. Мыйзам долбоорунда туудагы күн нурларынын формасын өзгөртүү демилгеленген.

Ошондой эле күн нурунун формасын өзгөртүүдө авторлор баштапкы этапта, математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп иштеп чыгышканы айтылган. Аны менен катар мыйзамдын кабыл алынышы башка мыйзамдарга карама-каршы келбесин, коомдо терс кесепеттерди жаратпасын белгилешкен.

Эгемен Кыргызстандын мамлекеттик туусу 1992-жылдын 3-мартында Жогорку Кеңештин токтому менен бекитилген. 2004-жылдын 17-июлунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам кабыл алынган.

Copyright © 2017 Maral FM