Биз менен байланышыңыз

Дүйнөлүк күрөш уюму Айсулуу Тыныбекованы жылдын мыкты балбаны деп тапты

Кыска кабар | 20 Дек 2023 | 393 | 0

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча аялдар күрөшүндө 2023-жылдагы дүйнөнүн мыкты балбаны аталды. Бул тууралуу аталган уюм жарыялады.

Тыныбекова быйыл 22-сентябрда Сербиянын Белград шаарында өткөн дүйнө чемпионатында үчүнчү жолу дүйнө чемпиону болгон. Ошондой эле 2024-жылы өтө турган Париж Олимпиадасына жолдомо уткан.

Апрель айында Казакстандын Астана шаарында өткөн Азия биринчилигинде Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утуп, беш жолу Азия чемпиону болгон. Ошондой эле эл аралык деңгээлдеги бир канча мелдештерде да алтын медал тагынган жана Токиодо өткөн Олимпиада оюндарында күмүш байгенин ээси. Быйыл Октябрь айында XIX Азия оюндарында коло медал утту.

Айсулуу Тыныбекова 62 кг чейинки категорияда дүйнөлүк рейтингде 95 миң 575 балл менен биринчи орунда турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM