Биз менен байланышыңыз

2024-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 66 млрд сом каралууда

Кыска кабар | 19 Дек 2023 | 236 | 0

2024-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 66 млрд сом жумшоо пландалууда. Бул тууралуу Финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.

2023-жылы карызды төлөөгө 53 млрд сом каралып, өз убагында төлөнүүдө.

«Учурда биз төлөмдөрдүн эң жогорку стадиясындабыз жана бул этаптан ишенимдүү өтүү үчүн бюджет саясатын профицитти түзүү менен болжолдоп жатабыз, бул бизге карызды кошумча каражат тартпастан төлөөгө негиз берет», — деди ал.

Анын айтымында, мамлекеттик карыз азыр ИДПга карата 57,82 % ды түзөт.

«Бул жерде баса белгилеп кетүү зарыл, мамлекеттик карыз боюнча азыркы маал мамлекет тарабынан мурда алынган карыздарды кайтаруу мезгилине туура келгендигине байланыштуу учурда жалпысынан 49,1 млрд сом карызыбыздан кутулдук», — деди ал.

Министр белгилегендей, 2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 10,9 млрд сом деңгээлинде болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM