Биз менен байланышыңыз

Тууну өзгөртүү мыйзамын ЖК комитети дароо эки окууда колдоду

Кыска кабар | 19 Дек 2023 | 345 | 0

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда дароо кабыл алды.

Эми мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш жалпы жыйынында талкуулайт.

Депутат Чолпон Султанбекованын айтымында, 5 фракциянын —  “Ата Журт Кыргызстан”, “Мекенчил”, “Элдик”, “Ишеним” депутаттык топторунун “Альянстын” тиешелүү чечимдери бар.

Мамлекеттик тууну өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов. 

Copyright © 2017 Maral FM