Биз менен байланышыңыз

«Коридордо кезек күтүү болбойт». Балдар ооруканасында 8 мобилдик клиника ачылды

Кыска кабар | 19 Дек 2023 | 1639 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги балдар ооруканаларындагы кезек күтүүнү азайтуу үчүн кошумча орундарды ачып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев «Маралдын» түз эфиринде айтты.

Анын маалыматына караганда, 19-декабрдан тарта Бишкек шаарындагы №3 тез жардам клиникалык балдар ооруканасында сегиз мобилдик клиника иштей баштады. Ал жерде педиатр болуп, балдарды кабыл алып, же дарыланууга жиберүү же ооруканага жаткыруу боюнча багыт берет.

Ош шаарында да кошумча он бөлмө ачылды. Министр муну менен күнүнө 1800-1500дөй кайрылуулар азайганын айтты.

«Күз-кыш мезгилинде курч кармай турган респиратордук вирустук оорулар көбөйө баштайт. Бүгүнкү күндө биз Бишкек, Ош шаарларында күнүнө 1500-1800гө чейин болуп жаткан кайрылууларды азайттык. Мисалы, Бишкек шаарында ар бир райондо эки айдын ичинде төрт балдар клиникасын ачтык. Бишкек шаары абдан кеңейип кетти, Чүй, Талас, Нарындан келишет. Себеби бардык ата-энелер балдарын борбордогу клиникага көрсөтүүгө аракет кылышат. Бирок оорукананын тардыгынан көп кишилер күтүп калып жатат. Мен өзүм да күнүгө барып, көзөмөл кылып жатам. Бир баланы жок дегенди эки адам ээрчитип келет. Ошол үчүн 10-15 күндөн бери балдарды кабыл алган дарыгелердин саны көбөйттүк. Ар бир райондон күнүгө кезек менен бирден үй-бүлөлүк дарыгер, бирден педиатр келип, бөлүштүрүп, багыт берип жатышат.

Кечээ да бул жагдайдан кантип чыгабыз деп ойлонуп отуруп, №3 балдар ооруканасынын алдына 8 мобилдик клиника ачтык. Дарыгерлерди тартып жатабыз. Эми ооруканалардын коридорлорунда турушпайт. Бул мобилдик клиникалар жылууланган. Педиатрлардын саны буга чейин төртөө болсо, азыр 16га жеткирип жатабыз. Мобилдик клиникалар бүгүн иштей баштайт. Кезек күтүү маселеси бир-эки күндө чечилет деп ойлойм. Ош шаарында да кезек күтүү маселесин чечүү үчүн кошумча он бөлмө ачтык» , — деди министр.

Алымкадыр Бейшеналиев кошумчалагандай, учурда Бишкек шаарындагы №3 тез жардам клиникалык балдар ооруканасында кошумча имараттын курулушу жүрүүдө. 12 койкага ылайыкталган, хирургия корпусу бар.

Жаңы жылга чейин перинаталдык борбордун да курулушу бүтөт.

Балдар клиникалары Бишкек шаарынын калкы 700-800 миң киши болуп турган учурда салынган, азыр калктын саны бир млндон ашты.

Copyright © 2017 Maral FM