Биз менен байланышыңыз

Он бир айда 37 миңден ашык ишкер батирин ижарага берүү үчүн патент алган

Кыска кабар | 19 Дек 2023 | 278 | 0

Ушул жылдын 11 айында 37 миң 817 субъекти кыймылсыз мүлкүн ижарага берүү үчүн 61,5 млн сомго патент алган. Бул тууралуу Салык кызматы «Маралга» билдирди.

Маалыматта айтылгандай, бул көрсөткүч 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көбөйгөн. Мисалы, былтыр он бир айда 34 миң 312 субъект 47,6 млн сомго патент алган. Быйыл алардын саны 3505ке көбөйгөн.

Быйыл октябрь айында орточо 3327 субъект 5 362,9 миң сом суммасында патент сатып алышкан, жогоруда көрсөтүлгөн иш боюнча тийиштүү салыктарды төлөбөгөн субъекттерге карата контролдук иш жүргүзүлгөндөн кийин субъекттердин саны 1 215ке жана суммасы 820,9 миң сомго көбөйгөн. Ноябрь айында орточо 4 542 субъект 7 969 миң сом суммасында патент сатып алышты.

Буга чейин Бишкек шаарында ижарага берилген батирлерге райондук салык кызматынын инспекторлору жана райондук МАБнын адистери менен биргеликте турак жай аянтын ижарага берген ээлерин салыктык эсепке алуу боюнча рейддик иш-чаралар жүргүзүлгөн.

Эскерте кетсек, турак жай аянтын ижарага берүү үчүн патенттин баасы: көп кабаттуу үйлөргө — чарчы метри үчүн 30 сом (пайдаланылган аянты), жеке үйлөр чарчы метри үчүн 40 сом (пайдаланылган аянты).
Мындан тышкары 919 сомду түзгөн камсыздандыруу полисин (Социалдык фондго төгүм) сатып алуу зарыл.

Салык төлөөдөн качкан учурда жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 230 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM