Биз менен байланышыңыз

Курулуш тармагына лицензия берүү убактылуу токтотулду жана уруксат алуу катаалдайт

Коом | 19 Дек 2023 | 406 | 0

Азыркы учурда курулуш тармагына лицензия берүү убактылуу токтолду жана уруксат берүү эрежелери мындан ары катаалдайт. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча курулуш жүргүзүүгө 6 миңден ашуун лицензия берилген. Алардын 300дөйү гана иштеп жатат. Көпчүлүгү колдонулбай же колдон колго өтүп, Лалафодо сатылып жүрөт. Жакын арада иштелбей жаткан лицензиялар кайтарылып алынат. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда, Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев маалымат жыйынында билдирди. Ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларындагы мыйзамсыз курулган турак жайларды мыйзамдаштыруу тууралуу да сөз болду. 

Бишкек шаарынын тургуну Улан Нурматов  «М строй групп» компаниясынын Көк-Жар кичи районунан курган көп кабаттуу турак үйдөн мындан бир канча жыл мурда батир алган. Азыркы учурда ал батирлерди караган үй комитетинин башчысы. Долбоор боюнча “М строй групп” компаниясы беш блок курмак, бирок бүгүнкү күндө эки гана блогу курулган. Калгандары жарым жартылай курулса, кээ бир бөлүгү баштала да элек. Бүткөн эки турак үй Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан 2022-жылы экспулатациядан өткөн. Анда документте жаратылыш газы бар деп жазылган. Бирок бүгүнкү күндө алар жашаган үйдө жаратылыш газы жок, газ түтүкчөлөрү жок болгонуна карабастан кантип экспулатациядан өткөнүнө жашоочулар түшүнбөй жатканын айтып берди.

Аталган компаниянын жетекчиси камалып кеткенин айтып, мындай мыйзамсыздыкка мамлекет күнөөлүү дейт.

«Компаниянын директору камалып кеткендигине байланыштуу бизге газ да кирбей калды, техпаспортторду да ала албай калдык. Үйдүн жашоочулары бардык документтерин берип бүткөн, техпаспорт бере турган органда Салык кызматынын карызы жок деген аныктама керек экен. Аны менен катар али курулуп бүтө элек үйлөр да турат. Анда үч блок 240 батир курула элек. Азыр бардык документтерди текшерип алгыла деп айтып жатпайбы. Биз бардык документтерди текшерип алганбыз. Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги АПУ, ИПУ деген документтерди өздөрү берет. Биз ошол документтерин көрүп, андан кийин батир алганбыз. Азыркы учурда компаниянын директору камалып кеткен, бирок жердин ээси Чирницов Мам курулушка арыз менен кайрылып жатат. Анда батир сатып алган жарандардын документтерин жокко чыгып калат экен. Ошол жердеги жашоочуларды көчөдө калтырып жатат. Буга чейин эмне кылып жүрдүңөр деп жатат. Бизге компаниянын өкүлдөрү, жердин ээси “арыз менен кайрылбагыла, кайрылсаңар жерге арест түшүп калат. Анда жерге эч кандай курулуш жүргүзүүгө болбой калат” деп айтып, токтотуп келишкен».

Нурматов буга чейин Орунтаев Бишкек шаарынын вице-мэри болуп турган учурда да бир канча жолу кайрылганын, бирок маселе эч эле чечилбей жатканын кошумчалады.

Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев бул маселе дагы карала турганын убадалады.

«Мурун экспулатациялоо иштеринде кемчиликтер болгон. Акыркы эки жылдын ичинде мындай ката кетирбегенге аракет кылып жатабыз. Азыр долбоордо кандай болсо, ошондой курулат. Эгер кандайдыр бир катачылык болсо, аны оңдомоюнча эскпулатацияга берилбейт. Ал эми, экспулатацияга берилип кеткен объекттер көп, эмки жылы бул маселенин барын карайбыз».

Буга чейин Бишкек жана Ош шаарларында мыйзамсыз курулган көп кабаттуу турак жайлардын тизмеси жана аны курган компаниялардын аттарын Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жарыялаган. Анда Бишкек шаарында 38, Ош шаарында 17 үй мыйзамсыз курулган.

Мамкурулуштун жетекчиси Орунтаев мыйзамсыз курулган курулуш дегенде мамлекеттин жерине үй куруп алды деген түшүнүк эместигин, алар мамлекеттик курулуш агенттигинен эч кандай уруксат кагаздарын албастан жер сатып алып же өздөрүнүн жерине куруп алышканын айтты.

Бүгүнкү күндө мыйзамсыз курулган турак жайлардын көпчүлүгүндө жашоочулар жашайт. Азыркы учурда комиссия түзүлүп, жарандарга жардам берүү максатында мыйзамдаштыруу жолдору каралып жатканын айтты.

«Биз жарыялаган турак жайлар эч бир тиешелүү экспертизадан өткөн эмес, тиешелүү иш кагаздарын алган эмес. 38 турак үйдүн көпчүлүгү биздин талаптарга жооп бербейт, биз аны ачык айтуубуз керек. Бирок биз ошол жерде жашап жаткан жарандарга жардам берүү максатында, ад үйлөрдү мыйзамдаштырып берели деген ойдобуз. Биз карайлы, бирок анда көптөгөн маселелер чыгат, айрым жерлерди оңдоо керек болот. Компания баарын оңдогондон кийин гана мыйзамдаштыруу ишине өтөсөк болот».

Ошондой эле Орунтаевдин айтымында, 2010-жылдан бери Кыргызстанда курулуш тармагына 6 миң лицензия берилген. Алардын 300дөйү гана иштеп жатат. Калганы иштелбей же колдон колго өтүп, айрым учурда Лалафодо сатылып жүрөт. Аны менен катар бүгүнкү күндө лицензия берүү убактылуу токтотулган.

«Убагында 1000 сомго алган лицензияларды, учурда 350 миңден сомдон сатууда. Биз бул лицензиялардын барын токтотобуз. Эгерде ошол лицензиялардан салык түшпөсө, иштебесе биз аларды жокко чыгарабыз. Биз ушул нерсеге басым жасайбыз. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 6 миңге жакын лицензия берилген, ошонун 300дөйү гана иштеп жатат. Калгандары ар кайсы жерде жатат, бири-бирине «кимге компания керек?»-, деп сатып жүргөндөр бар, айрым учурда Лалафодон да сатып жатышат. Биз лицензия алууну катаалдаштырабыз. Акчасы бар, техникасы бар, шарты бар гана жарандарга беребиз. Биз уруксат берүүнү убактылуу токтотуп жатабыз, тиешелүү экспертизадан өткөндө гана бере аласызбы. Бирок акыркы бир айда эч кимге лицензия бере элекпиз».

Маалымат жыйын да Ош шаарындагы айланма өтмөк мамкурулуш тарабынан эксплуатациядан өтө электиги тууралуу да маселе козголду. Мамкурулуштун жетекчисиснин орун басары Талантбек Иманкул уулунун айтымында, азыркы учурда Ош шаарынын мэриясы тарабынан документ иштери толук бүтө элек. Жергиликтүү бийлик документтерди толук алып келген учурда  эксплуатациядан өтөт.

«Ош шаарындагы айланма өтмөктүн экспулатациядан өтпөй жатканын себеби, Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы тиешелүү кагаздарды алып келгенде гана экспулатациялдан өткөрөбүз. Азыркы учурда колдонулуп жатканы мыйзамсыз болуп эсептелбейт. Андай өтмөк өлкөдө биринчи жолу болгондуктан, ыңгайлашуу үчүн да колдонууга берилген. Документтер этап, этап болуп кабыл алынган. Акыркы этап финансы маселеси боюнча Ош шаардык мэриясы тарабынан кармалып жатканына байланыштуу азыр токтоп турат. Алар алып келгенде эле, экспулатацияга кабыл алынат».

Буга чейин социалдык тармактарда айланма өтмөктө жарака пайда болгону тууралуу видео тарап, коомчулукта кызуу талкууланган. Аталаган мекеменин маалыматында, анын эч кандай коркунучу жок. Аны атайлап жасаган.

Ошондой эле маалымат жыйында Ош жана Бишкек шаарында “Эмаком” курулуш компаниясынан үй алып, бирок азыр үйлөрүнө кире албай жаткандардын маселесин да Мамлекеттик курулуш агенттиги өз көзөмөлүнө алмай болду. Мамкурулуш аталаган компаниянын эч кандай документтери жоктугун, убагында Мамкурулуш көзөмөлгө албаганын, ведомствонун да күнөөсү бар экенин жетекчиси Орунтаев айтты. Ал компания жетекчилери документтерин алып, мамкурулушка келүүсүн, бардык курулган үйлөрдү текшерип, мыйзамдаштырып берүүгө даярдыгын кошумчалады. Эгер изилдөөнүн жыйынтыгында талаптарга жооп бербесе, бузуу керек болсо, жарандарга бардык чыгымдарды компания төлөп берүүгө милдеттүү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM