Connect with us

Президент: Мигранттар өлкө экономикасына баа жеткис салым кошууда

Кыска кабар | 18 Дек 2023 | 369 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-декабрда Мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жасады.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясынын негизинде 18-декабрь Эл аралык мигранттар күнү катары аныкталган.

Кыргызстан 2003-жылы тиешелүү мыйзамды кабыл алуу менен Эмгек мигранттарынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарын коргоо боюнча эл аралык конвенцияга кошулуп, Эл аралык мигранттар күнүн белгилеп келет.

«Биздин мекендештер дүйнөнүн булуң-бурчунда жашап, иштеп үй-бүлөсү менен жакындарына эле эмес, жалпы өлкөнүн экономикасын колдоого баа жеткис салым кошуп келаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Мигранттардын коомубуздун ажырагыс бөлүгү катары, айрыкча, мамлекеттин башына оор күн келген учурда же ар кандай ийгиликтерди жаратып, эл аралык коомчулукка чыгууда колдоого муктаж болгон жарандарга кол суна билген аракеттери миңдеп саналат. Дегеле миграцияда жүргөндөр социалдык, экономикалык, маданий жана башка долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү менен өлкө аймактарынын өнүгүшүнө инвестиция салышат. Алардын мындай камкордугу менен боорукердиги – жоопкерчиликтин, мекенчилдиктин эң бийик үлгүсү» , — деп айтылат президенттин кайрылуусунда.

«Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө» Жарлыкка ылайык, 2021–2030-жылдарга өлкөнүн миграция саясатынын концепциясы бекитилген. Мамлекеттик программаларды ишке ашыруу менен миграция агымын  жараткан факторлорду жумшартуу аракеттери көрүлүүдө.

Өлкөдөн тышкары жүргөн мекендештердин, өлкө аймагында турган иммигранттардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарын коргоо аркылуу миграциялык потенциалды өлкө кызыкчылыгына багыттоо жаатында да жылыштар бар экени белгиленет.

Жапаровдун айтымында, бара-бара эмгек миграциясынын агымы диверсификацияланат жана пайдалуу экономикалык шарттар, укуктук жана социалдык кепилдиктер менен камсыз кылынат.

Социолог: Мигранттардын балдары коомдун аярлуу катмарына кирип калды

Copyright © 2017 Maral FM