Биз менен байланышыңыз

Делегат окуу китептеринин сапатына көңүл бурууну сунуштады

Кыска кабар | 16 Дек 2023 | 239 | 0

Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен экинчи Элдик курултай ишин улантып жатат. Бүгүн курултайдын экинчи күнү.

Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан 700гө жакын делегат чогулуп, чет өлкөдө жашаган мигранттардын, диний конфессиялардын өкүлдөрү да катышууда.

Элдик курултайдын бишкектик делегаты Гаухар Тогузбаева жарандардын бир нече көйгөйлүү маселесин жеткирүү үчүн келгендигин билдирип, калкты газдаштыруу маселесине токтолду.

«Мамлекет газга өтүүдө кыйналгандарды өзү каржылап, же болбосо узак мөөнөткө пайыздык үстөк албай насыя берсе жакшы болмок», — деди.

Гаухар Тогузбаева ошондой эле мамлекет башчысынын көңүлүн мектептердеги окуу куралдарга бурду.

«Келечек муунду кыргыз тилинде тарбияласак. Шаардын мектептериндеги окуу куралдарга тезирек маани бериш керек. Анткени, балдарыбыздын билим алуудагы таянычы — бул китептер. Китептин жасалышы сапаты жана ички мазмуну начар», — деди.

Мындан сырткары ал мугалимдердин айлык акысын шаардык бюджеттен республикалыкка которууну суранды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM