Connect with us

Президент депозиттерди коргоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди

Кыска кабар | 15 Дек 2023 | 261 | 0

Президент Садыр Жапаров «Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 26-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты президентинин 2022-жылдын 10-августундагы № 281 «Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо боюнча агенттигин банктарды жана башка финансылык-кредиттик уюмдарды жоюу жана көйгөйлүү зайымчылардын кайрылууларын кароо функцияларын берүү менен кайра уюштуруу жөнүндө» Жарлыгын аткаруунун алкагында депозиттерди коргоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу.

Мыйзамда банк тарабынан чыгарылган адамдардын жана жеке ишкерлердин ээлигинде турган электрондук акчаларды аманат деген аныктамага киргизүү жолу менен депозиттерди камсыздандыруу алкагын кеңейтүү каралат.

Ошону менен бирге, мыйзамда көзөмөл жүргүзүү органы тарабынан лицензияны кайтарып алгандан тартып, кепилдик учур келерин, ошондой эле Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин тобокелдик-менеджменти, ички аудит кызматтары жана корпоративдик катчысы Директорлор кеңешинин карамагына өтүүсүн караган ченемдер белгиленүүдө.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM