Биз менен байланышыңыз

16-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 15 Дек 2023 | 831 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 16-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 0…5,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз 0…-5,

Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…-7.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7°, күндүз 0…-2 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM