Биз менен байланышыңыз

Жапаров: 11 айда ИДПнын көлөмү 1 трлн сомдон ашты

Кыска кабар | 15 Дек 2023 | 172 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жаткан II Элдик курултайдын жүрүшүндө экономика жаатындагы иштер жакшы диманика менен бара жатканын белгиледи.

«Дүйнөлүк тобокелдиктерге карап өзүбүздүн божомолдорубузду консервативдүү алып жатабыз. Бирок, жакшы динамика менен бара жатат. Быйылкы жылдагы ички дүң продуктынын көлөмү пландалгандай эле, 11 айда 1 тлрн 72 млрд сомду түзүп, 2023-жылга болжолдонгон көлөмгө жеттик. Алдыда дагы жарым айыбыз калды», — деди ал.

Жапаров тышкы саясаттын туура жүрүшүнөн 2022-жылы өлкөнүн экономикасына 1,2 млрд доллар түз чет элдик инвестиция тартылганын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM