Connect with us

Кыргыз-тажик чек арасынын дагы 47,05 чакырымы боюнча макулдашылды

Кыска кабар | 14 Дек 2023 | 368 | 0

Министрлер кабинети билдиргендей, 8-декабрдан 14-декабрга чейин кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык жумушчу топтордун, чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын укуктук маселелери боюнча жумушчу топтору жолугушууларды өткөрдү.

Анын жыйынтыгында топографиялык жумушчу топтор кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын 47,05 чакырымы боюнча макулдашышты.

Калган участокторду сыпаттоо боюнча тараптардын кийинки жолугушуусу Тажикстандын аймагында өтөт. Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Кыргызстан менен Тажикстан чек аранын 90 пайыздан ашыгын тактады

Copyright © 2017 Maral FM