Биз менен байланышыңыз

ӨКМ: Катуу суук болорун эки жума мурун эле эскерткенбиз

Билим-маданият , Коом | 13 Дек 2023 | 3184 | 0

Абанын температурасы кескин төмөндөп кеткенине байланыштуу бүгүн 13-декабрда Билим берүү жана министрлиги өлкөдөгү бардык мектепти онлайн окутууга өткөрдү. Бул маалымат көпчүлүк ата-энелерге балдары мектепке кеткенден кийин кабарланган. Маалыматтын кеч берилгени ата-энелерди нааразы кылууда. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлдү. Ал эми билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева министрликке катуу суук тууралуу маалымат кеч түшкөнүн, ошондуктан чечим кеч кабыл алынганын айтууда. Кыргызгидромет борбору министрдин айтканын төгүндөдү. 

Аксы районунун тургуну Асылайдын (ред. аты өзгөртүлдү) төрт баласы мектепке барат. Алардын ичинен үчөө эртең мененки нөөмөттө окушат. Үй менен мектептин ортосу бир топ эле алыс болгондуктан балдар жерге жарык түшө электе жолго чыгышат.

Асылай суукта окуучуларды кыйнабай эртерээк онлайнга өткөрүп, маалыматты алдын ала берип, ата-энелерди, окуучуларды түйшүккө салбаса дейт.

«Биздин үй мектептен бир канча чакырым алыс болгондуктан үч балам эртең мененки саат жетилерде мектепке жөнөйт, саат 8:30да ошол жакта болуп калышы керек. Балдарды сабактан калбасын деп, суукка карабай жөнөттүм. Андан кийин 2-класстагы кызымды «апа, үшүп жатам» дегенине карабастан жөнөттүм эле, орто жолдон «сабак онлайн болот экен» деп кайтып келди. Билим берүү министрлиги ушундай учурда балдарды суукта үшүтпөй эртерээк чечим кабыл алып, маалыматты эрте таратып койсо болмок. Азыр ар кандай оору да күчөп, сасык тумоо жүрүп жатат. Биз чечим кеч кабыл алынганына, маалымат кеч тараганына нааразыбыз, балдар убара болуп, күн суукта жолдон кайтып келишти».

Бишкек шаарынын тургуну Загифа Мусабаеванын эки баласы мектепке барат. Ал окуу онлайн болорун балдарын мектепке алып баргандан кийин билген.

«Балдарды таң заарда, күн суук болгонуна карабай тургузуп, мектепке алып баргам. Мектепке жеткенде гана аралыктан окутууга өткөнү тууралуу маалымат алдык. Бул кабар бардык эле ата-энени түйшөлттү. Билим берүү министрлиги ушундай кырдаалда эртерээк чечим кабыл алып, ата-энелерге кабарлап койсо жакшы болмок». 

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева мектептерди онлайн окутуу чечиминин кеч кабыл алынганын министрликке суук катуу болору кеч эскертилгени менен түшүндүрдү.

«Айрыкча Бишкек шаарындагы ата-энелердин өтүнүчү менен ушундай чечим кабыл алдык. Жолдогу тыгындар, мектепке жетүү оор болгону эске алынды. Бул чечимди министрлик өзү гана кабыл ала албайт. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен байланышабыз. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кайсы учурда окутууну онлайнга өткөрсө болорун кабарлайт. Андан кийин чечим кабыл алынат. Ал эми бала бакчалар штаттык режимде иштеп жатат. Себеби аларды ата-энелери автоунаа менен жеткирет».

Кыргызгидромет борбору билим берүү жана илим министринин айтканын төгүндөп, 13-14-декабрда өлкө аймактарында катуу суук болору эки жума мурун эле эскертилгенин, ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул маалымат бир канча күн мурун эле уюлдук телефондорго SMS түрүндө таратылганын билдиришүүдө.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев бүгүнкү жалпы жыйында мектептерди катуу суукта алдын ала онлайн окутууга өткөрбөгөнү үчүн Министрлер кабинетиндеги тийиштүү жетекчилерге чара көрүүнү талап кылды.

«Бишкекте 215 миң окуучу бар. Эртең менен мектепке барышты, кайра онлайн деп үйүнө жиберишти. Бүгүн кычыраган кышта балдарды да, ата-энелерди да түйшүккө салдык. Эмне үчүн «онлайн окутуу болот» деген министрликтин буйругу ата-энелерге жиберилген жок? Ушундай абалга калтырганы үчүн Министрлер кабинетиндеги тийиштүү жетекчилерге сөзсүз чара көрүлүшү керек жана мындай нерсе кайталанбашы керек».

Ал эми Бишкек мэриясы бала бакчалар иштей турганын, эгер ата-эне баласын калтыра турган жери жок болсо, анда бакчага алып барса болорун билдирди.

Кыргызстандагы мектептерде аралыктан окутуу ушул жуманын аягына чейин уланат.

Copyright © 2017 Maral FM