Биз менен байланышыңыз

УКМК кримтөбөл Акматбаевди атып өлтүргөндөр аныкталганын билдирди

Кыска кабар | 13 Дек 2023 | 566 | 0

Бир канча жыл мурун өлтүрүлгөн кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу кылмыштын бети ачылганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 13-декабрда кабарлады.

Белгилүү болгондой, 2006-жылдын 10-майында Көк-Жар айылында мечиттин жанынан Ауди-100 үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз адамдар Акматбаевге куралдуу кол салышкан. Ал башына жана көкүрөгүнө тийген көптөгөн октон алган жараатынан улам ошол жерде каза болгон.

Шектүү изин жашырып кеткен. Фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси “Киши өлтүрүү” (1997-ж. редакциясы) боюнча иш козголгон, бирок белгисиз себептер менен ушул убакка чейин ачылбай келген.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Акматбаевди өлтүрүүнү кримтөбөлдөр Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев, Болот Самсалиев (“Боха Казарманский”) жана Марат Раимбеков (“Рэмбо” аты менен белгилүү, дайынсыз жоголгон) уюштуруп, жасагандыгы аныкталды.

«Акматбаевди жок кылууну жогоруда аталган катышуучулардын баары аткарышы керек болгон, бирок адам өлтүрүү учурунда унаанын рулунда М.Раимбеков, ошондой эле унаанын артында отуруп кылмышты көзөмөлдөгөн К.Асанбек калган. Буга байланыштуу А.Анапияев менен Б.Самсалиев К.Асанбектин чыгышын күтпөстөн, Р.Акматбаевди маңдайынан түз атып, андан соң белгисиз тарапка изин жашырып кетишкен. Бул фактылар К.Асанбектин киши өлтүргүчүнүн (киллер) көрсөтмөлөрүнүн негизинде аныкталды, анын аты-жөнү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт» , — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, учурда УКМК тарабынан Камчы Көлбаевдин жана анын кылмыштуу топторунун ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо жана ачууга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Анын жыйынтыгы тууралуу дагы кабарланат.

Copyright © 2017 Maral FM