Connect with us

Түрмөдө опузалап акча талап кылган соттолуучулар аныкталды

Кыска кабар | 11 Ноя 2024 | 247 | 0

Ички иштер министрлигинин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери Жазаларды аткаруу кызматы менен биргеликте эркинен ажыратылган адамдар кармалган жайларда акча каражатын опузалап талап кылуу фактысын аныктады.

Укук оргоо органдары узак мөөнөткө соттолуп, жазасын өтөп жаткан адамдар эркиндикке чыгып жаткан жарандан акча опузалап жаткандыгы тууралуу маалымат алышкан.

Алар коркутуу жолу менен өздөрүнө уюлдук телефон сатып алууну талап кылышкан. Бул факты боюнча Жаза аткаруу кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүндө (Опузалап талап кылуу) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча иш козголгон.

Опузалап жаткандардын талабы боюнча, тез арада төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берген тиркемелерди жүктөлгөн телефон эркиндикке чыккан адамдын атына катталуусу керек болгон. Бул телефондор алдамчылыкка байланыштуу кылмыш иштерин, пландарды ишке ашыруу максатында жасалышы мүмкүн.

Бул кылмыш ишинин бетин ачуу максатында сатып алынган телефондор белгисиз жаранга (кийинчерээк опузалоочулардын биринин тууганы экени аныкталган)  берилген жана ал кармалган. Жеке текшерүүнүн жүрүшүндө кармалган адамдан эки уюлдук телефон табылган.

Маалыматтарга караганда, опузалап талап кылууга шектелген жарандар А.Э. жана У. С. оор кылмыштары үчүн соттолуп, узак мөөнөткө эркинен ажыратылган.

Учурда опузалап акча талап кылуу фактылары боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM