Биз менен байланышыңыз

Чыңгыз Айтматовдун жарык көрө элек чыгармалары да бар

Билим-маданият | 12 Дек 2023 | 3068 | 0

Бүгүн, 12-декабрь дүйнөлүк залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Көзү тирүү болгондо 95 жашка толмок. Бул күндүн урматына эскерүү иш-чарасы өттү. Ага Айтматовдун карындашы Роза Айтматова, уулу Элдар Айтматов, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касманбетов, министрлер, коомдук ишмерлер жана чет өлкөлүк адабиятчылар, жазуучулар катышты. Адабиятчылардын айтымында, Чыңгыз Айтматовдун жарык көрө элек да бир нече чыгармасы бар. 

Кыргызстандын залкар уулу, дүйнөгө таанымал белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов бүгүн, 12-декабрда 95 жашка чыкмак. Анын 95 жылдыгына карата Кыргызстанда жана чет өлкөдө ар кандай илимий конференциялар, адабий иш-чаралар уюштурулду.

Бүгүн Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында улуу жазуучу эскерилди. Ага адабият, маданият ишмерлери, коомдук ишмерлер, Айтматовдун туугандары, бийлик өкүлдөрү катышты.

Карындашы Роза Айтматова агасы Чыңгыз Айтматов менен ар дайым менен сыймыктанарын айтты.

«Чыңгыз менен сыймыктанам. Азыр өзү жок болсо да, артында калтырып кеткен чыгармалары аркылуу дүйнө таанып, талкууланып, талданып, кино тартып, спектакль коюлуп жатканы мени сүйүндүрөт. Анын айткан сөзү бар: «Барыбыз бир кайыктабыз, ошон үчүн биз келечегибизди ойлонушубуз керек». Бүгүн ошол идея жакшы чагылдырылды».

Академик Абдылдажан Акматалиев студент кезинен баштап Айтматов ааламын изилдей баштаган. Кандидаттык, докторлук диссертацияларын да ушул залкар жазуучунун чыгармаларын изилдөө менен жактаган. Ал жазуучунун чыгармаларын ар бир жолку окуганында ар башка сезимге тушугуп, улам жаңы табылгалар ачылып турарын баяндады.

«Кээ бир жазуучунун чыгармасын аягына чейин окуп чыгуу кыйын, кээде чыкпай каласың. А Айтматовду окуган сайын жаңы бир табылга көрөсүң. Чыгармасынан цитата алуу үчүн карап жатып, кызыгып кетип, эчен ирет кайра баштан окудум. Ар бир окуганымда ар башка тарабынан ачылат. Айтматовдун башка жазуучулардан өзгөчөлүгү эң биринчи адамды жогору койгон. Ошондуктан «Канткенде адам уулу адам болот?» деген. Анын чыгармасын окуганда каармандар менен сырдаш болуп, алар менен баарлашып, чыгарманын ичине сүңгүп кирип кетесиң».

Атактуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата «Айтматов жана театр» VI эл аралык фестивалы да өтүп, ал бүгүн, 12-декабрда «Саманчынын жолу» спектакли менен жыйынтыкталды. Фестивалга келген Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Орусия, Азербайжандын театрлары бир жума Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде сахналаштырылган спектаклдерди көрсөтүштү.

Казакстандык актер Адил Ахмедов эң биринчи «Жамиля» повестин окуганын, студент кезинде устаты Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары менен тарбиялаганын айтып берди.

Ошондой эле ал Айтматовдун чыгармаларындагы каармандар өзгөчө экенин белгиледи.

«Жамиля» — алгачкы окуган чыгармаларымдын бири. Андан кийин көптөгөн чыгармасын окудум. Студент кезде устатыбыз Айтматовдун чыгармалары менен окутту, үйрөттү, тарбиялады. Театрыбызда коюлган чыгармаларында көптөгөн ролдорду жараттым. Менимче, Айтматовдун чыгармаларындагы негизги өзгөчөлүк сүйүүнүн актыгын, тазалыгын, аруулугун башка көз караш менен, өзгөчө ыкма менен берген. Ар ким ар кандай түшүнүшү мүмкүн, бирок мен үчүн Айтматовдун чыгармалары махабаты менен эсте калды. Балким башка бирөө болсо, махабатты мынчалык айтып бере албаса керек эле».

Түркмөнстандын театры «Айтматов жана театр» VI эл аралык фестивалына «Ак кеме» спектаклин алып келишкен. Бекейдин ролун ойногон актриса Бостан Йазжумаеванын айтымында, Айтматовду Кыргызстан кандай тааныса, Түркмөнстан да ошондой эле тааныйт.

«Мен Кыргызстанга алгачкы ирет келдим. Биз «Айтматов жана театр» VI эл аралык фестивалына Айтматовдун «Ак кеме» чыгармасын алып келдик. Мен Бекейдин ролун ойнойм. Биз үчүн бул фестивалга катышуу, Кыргызстанга келүү өзгөчө сыймык. Фестивалдын жүрүшүндө кыргызстандык, казакстандык, өзбекстандык, азербайжандык кесиптештер менен таанышып, тажрыйба алдык. Кыргызстанда Айтматовду кандай таанышса, Түркмөнстанда да ошондой тааныйт. Биз улуу жазуучунун чыгармаларын студент кезден окудук. Бүгүнкү күндө Түркмөнистандын театрларында Айтматовдун бир нече чыгармасы сахналаштырылган».

Бул театр фестивалынан тышкары алгачкы жолу Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмалардын эл аралык кинофестивалы да өттү. Ошондой эле чет мамлекеттерде да бир нече иш-чаралар уюштурулганын элчиликтер маалымдашты.

Дүйнөлүк залкар жазуучу 1928-жылы 12-декабрда Кара-Буура районунун Шекер айылында туулган. 2008-жылы 10-июнда 80 жашында дүйнөдөн өткөн. Сөөгү «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинин аймагына жерге берилген.

Залкар жазуучунун чыгармалары дүйнөнүн 165тен ашуун тилине которулуп, китептери 100 миллионго жакын нуска менен басылып чыккан. Мындан улам ЮНЕСКО Чыңгыз Айтматовду дүйнөдө эң көп окулган классик жазуучулардын тизмесине кошкон.

Copyright © 2017 Maral FM