Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Эртең 25 градуска чейин суук болот

Кыска кабар | 12 Дек 2023 | 1140 | 0

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, өлкө аймактарында 13-декабрда туруксуз аба-ырайы сакталат. 13-14-декабрда абанын температурасы төмөндөп, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -15…-20° суук болушу күтүлөт.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-110 чакырымдарында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 74-86 чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу), кар көчкү түшүү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эртең, 13-декабрга караган түнү Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшөт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -12…-17,

Талас облусунда түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9,

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -11…-16.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -22…-24, күндүз -14…-16° суук болушу күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM