Биз менен байланышыңыз

«Дордойдогу» коррупциялык схема боюнча кармалган салыкчылар иштен алынды

Кыска кабар | 12 Дек 2023 | 377 | 0

Бишкектеги «Дордой» базарында салык жыйноого жооптуу болгон төрт кызматкер ишеним жоготкондугуна байланыштуу жумуштан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койгонун мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. 

Салыкчылардын кызматтан алынышына «Дордой» базарындагы коррупциялык схемага алардын УКМК тарабынан айыпталып кармалышы негиз болду. Кармалган беш кызматкердин бири 2023-жылдын январь айында иштен бошотулганы айтылды.

Мекеме учурда укук коргоо органдары базарларда салык чогултууга жооптуу болгон кызматкерлердин мурдагы жылдардагы ишине талдоо жүргүзүп жатканын билдирди. 

«Коррупцияга каршы күрөшүү маселелери Салык кызматынын коллегияларынын, аппараттык кеңешмелеринин жана жумушчу жолугушууларынын күн тартибине киргизилип, коррупциялык тобокелдиктерди четтетүү үчүн системалуу түрдө мониторинг жүргүзүлүп турат» , — деп айтылат маалыматта. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети «Дордой» базарында ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүү менен коррупциялык схема уюштурулганын, салык кызматкерлери ар бир мыйзамсыз аракеттери үчүн акчалай сыйлык алып турганын билдирген.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында Салык кызматынын төрт кызматкери жана жетекчилеринин бири кармалган.

Copyright © 2017 Maral FM