Биз менен байланышыңыз

Баткенде УКМКнын имараты ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 12 Дек 2023 | 195 | 0

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон сапарынын алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) жаңы имаратын ачты.

Президент 1999-2000-жылдардагы Ооганстандан Өзбек Ислам кыймылынын согушчандары Баткен облусунун аймагы аркылуу жана Тажикстан аркылуу Өзбекстанга басып кирүүгө аракет кылганын эске салды. Анда Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрү согушкерлерге каршы туруп, баатырдык менен өз милдеттерин аткарышкан.

Ушундай эле окуя 2006-жылы кайталанып, Баткен облусунун аймагына Тажикстандан Эл аралык террордук уюмдун куралдуу согушчандары кирип келишкен. Анда дагы Куралдуу күчтөрдүн антитеррордук атайын операциясынын натыйжасында кылмыштуу топтор жок кылынган.

«Баткен облусу түзүлүшү УКМКнын тарыхында белгилеп кетчү өзүнчө бир доор болуп саналат. Облустагы башкармалык Улуттук коопсуздук министринин 1999-жылдын 28-октябрындагы буйругу менен түзүлгөн. Чек ара боюнча чечилбеген маселелер коңшу өлкөлөр менен жолго коюлуп келаткан дипломатиялык мамилелердин өнүгүшүнө кесепетин тийгизген. Натыйжада 2021-2022-жылдары 3 жолу куралдуу кагылыш болуп, ондогон жай тургундар жана жоокерлер курман болушту» , — деди Жапаров.

Садыр Жапаров 11-12-декабрда Баткен облусун кыдырат. Ал бир катар жаңы объектилердин ачылышына катышып, аймактагы инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү менен таанышууда.

Copyright © 2017 Maral FM