Биз менен байланышыңыз

Бүгүн телерадио кызматкерлеринин күнү

Кыска кабар | 8 Дек 2023 | 266 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда радиоуктуруу жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы — радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Президенттин пикиринде, телеберүү жана радио тармагынын кызматкерлери өлкөнүн улуттук биримдигин, коомдун туруктуулугун, ынтымакты сактоого жана чыңдоого көмөктөшүү, калктын көз карандысыз жана калыс маалыматка ээ болушун камсыз кылуу жаатында чоң милдеттерди аркалап келишет.

Дүйнө жүзүндө маалыматты жыйноо жана жайылтуу ыкмаларынын түрлөрү барган сайын өнүгүп, элге теле жана радиопрограммалардын кеңири тандоосу тартууланууда. Муну менен теле адистери үчүн атаандаштык чөйрө түзүлүп, алардын маалымат издөө ыкмаларын, чыгармачыл ой жүгүртүүсүн, интеллектуалдык шык-жөндөмүн дайыма өркүндөтүп турууга мажбурлайт.

1958-жылдын 8-декабры Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн тарыхында алгачкы көрсөтүү обого чыккан күн. Бишкек студиясы 194 метр бийиктиктеги телемунара аркылуу ишке кирип, ушул күнү Кыргыз телевидениесинде алгачкы берүү эфирге чыккан.

Бул кесиптик майрам 1995-жылы 23-декабрда Өкмөттүн токтому менен бекитилген.

Кыргызстанда 188 радио жана 45 телеканал Юстиция министрлигинин каттоосунан өткөн.

Copyright © 2017 Maral FM