Биз менен байланышыңыз

Сузакта үйүнүн короосуна уруксатсыз мечит куруп алган жаран аныкталды

Кыска кабар | 29 Ноя 2023 | 804 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылында 2022-жылдын аягында Ч.М.Х. аттуу жаран уруксат документтери жок эле үйүнүн короосуна мечит куруп алганы аныкталган.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук малекеттик комитетинин басма сөз кызматы 29-ноябрда кабарлады.

2023-жылдын март айында облустагы диний мекемелердин ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугун текшерүү максатында түзүлгөн жумушчу комиссия тарабынан мечит жабылып, 7500 сом административдик айып салынган.

Бирок мечиттин ээси башка айылдардын тургундарынан кол чогултуп, Сузак районунун Барпы айыл өкмөтүнүн башчысынын, Жалал-Абад облустук казыятынын, Сузактагы «Кадастр» жана архитектура бөлүмүнүн жардамы менен уруксат кагаздарын алган. Ал мечитке мыйзамдарда тыюу салынган диний агымдардын өкүлдөрү барганы байкалган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-берененин 1-бөлүгү («Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу») боюнча иш козголуп, Барпы айыл аймагынын башчысынын, Сузактагы «Кадастр» жана Архитектура бөлүмүнүн жетекчилеринин, облустук казынын, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын аракеттерине тиешелүү юридикалык баа берилет.

Мечиттин каттоо күбөлүгү жокко чыгарылып, имарат ФАП же мамлекеттик дарыканага айландырылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM