Биз менен байланышыңыз

«Кыргызалтын» ишканасы британиялык банк менен кызматташат

Кыска кабар | 29 Ноя 2023 | 189 | 0

«Кыргызалтын» ишканасы дүйнөдөгү ири банктардын бири ICBC Standard Bank Plc менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен аталган банктын аткаруучу директору Вэнбин Вангдын Лондондогу жолугушуусунда маалым болду.

Акылбек Жапаров Лондон шаарына болгон сапарынын алкагында, Улуу Британиянын расмий өкүлдөрү жана бизнес компаниялары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Британиянын инвестиция боюнча мамлекеттик министри Нусрат Гани менен жолугушууда эки өлкөнүн соода-экономикалык, эмгек миграциясы боюнча кызматташуусун тереңдетүү тууралуу сөз болду.

Акылбек Жапаров ишкерлерди 2024-жылы Кыргызстанда боло турган инвестициялык форумга катышууга чакырды.

Ошондой эле Кыргызстан менен Британиянын Геологиялык кызматынын ортосунда кызматташуу боюнча документке кол коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM