Биз менен байланышыңыз

Окуучуга машине айдаткан айдоочуга 15 миң сом айып салынды

Кыска кабар | 29 Ноя 2023 | 389 | 0

Айдоого укугу жок өспүрүмгө унаа каражатын бергендиги үчүн атасына 15 000 сом айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Социалдык тармактарда 7-класстын окуучусу жаш балдарды салып алып, күбөлүгү жок унаа башкарып жатат деген видео тасма тараган.

Бул маалымат боюнча Ош облусунун Ноокат районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери  ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, автоунааны таап, айдоочусу өспүрүм болгондуктан ага унааны башкарууга бергендиги үчүн атасына 15 миң сом айып салып, унаасы айып короо жайына киргизилди.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ата-энелерден балдарды кароосуз калтырбоону жана айдоочулук күбөлүк алмайынча аларга унаа каражатын башкарууга бербөөнү өтүнөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM