Биз менен байланышыңыз

Балбак Түлөбаев тууну өзгөртүү аракетин саясатташтырбоого чакырды

Кыска кабар | 29 Ноя 2023 | 193 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев парламенттин 29-ноябрдагы жыйынында мамлекеттик туунун өзгөрүшүнө каршы болгондорго жооп берди.

«Мамлекеттик символдор герб, туу, гим болсо, биз гимндин экинчи куплетин деле өзгөртпөдүк беле? Анда эмнеге эгемендикке доо кетпейт да тууну өзгөртсө, ыйыктык бузулабы? Желекти түп тамырынан өзгөртөлү деген жокпуз, оңдоп-түзөөдөн гана өтөт. Аны саясатташтырып, өлкөгө, өлкө башчысына, депутаттарга ар кандай сөздөр айтылып жатат. Эми аны депутат мыйзамдык укугун колдонуп, сунуштады. Колдойбузбу, колдобойбузбу, бул палатанын иши» , — деди Түлөбаев.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин 28-ноябрдагы отурумунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси-Жогорку Кеңештин депутаттары Нурланбек Шакиев, Улан Примов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM