Биз менен байланышыңыз

22-ноябрдын аба ырайы

Кыска кабар | 21 Ноя 2023 | 591 | 0
Сүрөт: Zafer Dincer

Кыргызгидромет билдиргендей, 22-ноябрда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүн экинчи жарымында Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган жердерде жаан жаабайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +15…+20,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн үшүк жүрөт, +3…+8, күндүз +16…+21,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +7…+12,

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +8…+13.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +7…+9, күндүз +15…+20 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM