Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын улуттук курамасы Оман менен беттешет

Кыска кабар , Спорт | 21 Ноя 2023 | 1082 | 0

Бүгүн, 21-ноябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы 2026-жылдагы дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын алкагында Бишкек шаарында Омандын командасы менен беттешет.

Бул оюнда кыргызстандык оюнчулар оюн талаасына майыптыгы бар балдардын коштоосунда чыгышат. Иш-чара БУУнун Балдар фонду менен бирге 20-ноябрда белгилене турган Бүткүл дүйнөлүк балдар күнүнө карата уюштурулууда.

Улуттук курама команданын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович 20-ноябрдагы маалымат жыйында Малайзия менен болгон беттештен кийин оюндагы каталар талданганын белгиледи.

“Биз эртеңки оюнга даярбыз жана анда өзүбүздүн мыкты сапаттарыбызды көрсөтүшүбүз керек”, — деди Штефан Таркович.

16-ноябрда Кыргызстандын улуттук курама командасы Куала-Лумпур шаарында Малайзиянын оюнчулары менен беттешип, 4:3 эсебинде жеңилген.

2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарында Кыргызстан D тайпасында Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен ойнойт. Кыргызстан ар бир атаандашы менен үйдө жана конокто беттеш өткөрөт. Бул оюндарга даярдануу үчүн башкы машыктыруучу Штефан Таркович 23 футболчуну курама командага чакырган.

2026-жылы дүйнө чемпионаты АКШнын, Мексиканын жана Канаданын 16 шаарларында өтөт жана ага биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2023-жылдын сентябрь айында башталып, 2026-жылдын март айында жыйынтыкталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM