Биз менен байланышыңыз

Израил менен ХАМАС согушун беш күнгө токтоткону айтылууда

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Ноя 2023 | 474 | 0
Газадагы качкындар

Израил менен ХАМАС АКШнын ортомчулугу астында согушту убактылуу токтотуу келишимин түзүштү. Бул тууралуу ишенимдүү тараптар билдиргенин The Washington Post басылмасы жазды. 

Басылманын маалыматына караганда, «алты барактан турган» бул келишимде аскердик чабуулдарды беш күнгө токтотуу каралган. Бул «тыныгуу» учурунда Газа тилкесинде барымтада калган аялдар жана балдар кезек-кезеги менен бошотулат. Ошондой эле Египеттен келе турган гуманитардык жардамдарды, анын ичинде күйүүчү май алууга шарт түзүлөт.

Айта кетсек, ХАМАС менен Израилдин кагылышы 7-октябрдын таңында башталган. Расмий маалыматтарга караганда, согуш жүрүп жаткан Газа аймагында көз жумгандардын саны 12 миңден ашып, 30 миңден ашуун адам жарадар болгон. Израилдин тынымсыз чабуулунан ондогон коомдук мекемелер, анын ичинде бир канча оорукана талкаланып, ишин токтотууга аргасыз болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM