Биз менен байланышыңыз

Бишкекте лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык салонго айып салынды

Кыска кабар | 19 Ноя 2023 | 237 | 0

Саламаттыкты сактоо министрлиги түзгөн комиссия Бишкек шаарындагы косметологиялык салондорду кыдырып чыкканын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө лицензиясы жок иштеп жаткан 26 косметологиялык салон аныкталып, жалпы 84 миң сом айып салынган.

Бул салондор атайын уруксат кагаздары жок туруп, дарыгерлик менен мыйзамсыз алектенип, медициналык кызматтарды мыйзамсыз көрсөтүп жүрүшкөнү айтылат маалыматта.

Саламаттыкты сактоо министрлиги калкты атайын лицензиясы бар гана мекемелерге кайрылууга чакырат. Алардын тизмеси министрликтин расмий сайтындагы «Медициналык жана фармацевтикалык кызматтарды лицензиялоо» бөлүмүндө жайгаштырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM