Биз менен байланышыңыз

Эртең өлкөнүн көпчүлүк аймагында кар жаайт

Кыска кабар | 19 Ноя 2023 | 177 | 0

Эртең, 20-ноябрда Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Жаан-чачынга байланыштуу жолдор тоңголок болуп, ашуу-белдерде көчкү жүрүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 10…15,

Талас облусунда түнкүсүн -1…+4, күндүз 9…14,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 14…19,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз 3…8,

Нарын облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8,

Тоолуу аймактарда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…+2 градус суук болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 13…15 градус суук болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM