Биз менен байланышыңыз

«Аудиториялар эски, отургучтар сынык». Студенттер ЖОЖдордогу шарттар тууралуу

Билим-маданият | 17 Ноя 2023 | 3592 | 0

Бүгүн Кыргызстанда студенттердин эл аралык күнү белгиленип жатат. Буга байланыштуу жогорку окуу жайларда иш-чаралар жыл сайын уюштурулуп келет. Бирок өлкөдө студенттердин көпчүлүгү жогорку окуу жайлардагы шарттарга канааттанбайт. Алар университеттеги билим деңгээлине, шарттар талаптарга жооп бербешине нааразы. Ал эми адистер бүгүнкү күндө жогорку окуу жайлардагы билим берүү системасы аксап жатканын белгилеп, мамлекет тарабынан жетиштүү көңүл бурулбай жатканын айтышууда.

Ош шаарында жайгашкан жогорку окуу жайлардын биринин 2-курс студенти Асан Майрамбеков финансы кредит факультетинде окуйт.

Ал окуу жайда билим берүүнүн сапаты жакшы экенин белгиледи.

Бирок ал университеттеги студенттер үчүн түзүлгөн шарттар талаптарга жооп бербестигин айтат.

«Мугалимдердин билим деңгээли жакшы. Сабактарды жакшы өтүшөт. Педагогдордун баары жогору квалификациялуу. Бирок университеттин шарты жок. Жеке мени шарттар канааттандырбайт. Университеттин ичи эски. Аудиториялар эски, отургучтардын да эскилиги жеткен, ыңгайсыз. Заманбап талаптарга жооп бербейт. Бир, эки эле аудитория бар ичи жакшы жасалган. Андан башкаларынын ичи жаман».

Бишкек шаарында жогорку окуу жайда окуган Саламат Аденов университеттеги журналистика факультетинде алып жаткан билимге канааттанбайт.

Анын айтымында, окуу жайда студенттерге жетиштүү деңгээлде сабак түшүндүрүлбөйт жана кызыксыз.

Мындан сырткары ал педагогдордун көбү студенттердин билим деңгээлин эмес, аларга кылган мамилесин карап баалашарын белгиледи.

«Университетте азыркы алып жаткан билимге канааттанбайм. Себеби ал маалыматтарды биз ар кандай тренингдерден эле ала алабыз. Ошол эле убакта окуу жайда күчтүү, тажрыйбалуу агай-эжелер да бар. Мен ар кандай медиамектептерге барып, билимимди өнүктүрүп турам. Андай жерлерге баргандан кийин университеттеги сабактар пайдасыз жана керексиздей туюла берет. Мен окуган жерде мугалимдерге жакшы сөздөрдү айтып, алардын жумуштарын бүтүрүп, алар менен жакшы мамиледе болсоң, башкача айтканда коммуникация үчүн жакшы баа аласың. Өзүңдүн билимиң, акылың бааланбай калат. Мени ушул жагы өкүндүрөт».

Борбор калаадагы дагы бир жогорку окуу жайдын студенти Акылай Даниярова педагогика факультетинде окуйт. Ал окуу жайда студенттер үчүн бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.

Анын айтымында, учурда окуу жайда оңдоп-түзөө иштери уланууда.

«Негизинен шарттары жакшы. Жетекчиликтин эле таасири астында бардык нерсе оңолот. Бардыгы жетекчиликтен көз каранды.  Биз 1-2-курста окуганда шарттар начар болчу. Бирок жетекчилик алмашкандан кийин университетте бир катар жакшы жакка өзгөрүүлөр болду. Себеби аудиториялар жаңыланып, окууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Мурда бир гана университеттин сырты жалтырак болсо, эми ичи да жылтырап калды».

Өткөн жылы президенттин жарлыгы менен 5 жогорку окуу жайга кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны камсыз кылууну караган өзгөчө статус ыйгарылган.

Бирок Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өзгөчө статус ыйгарылган 5 жогорку окуу жайдын ишин сындаган. Ал өзгөчө макам берилгенден бери өнүгүү стратегиялары, келерки жылга конкреттүү иш пландары, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана университетти башкаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан реформалар жасалбаганын айткан.

Ал эми билим берүү тармагы боюнча адис Венера Акматованын айтымында, өлкөдө бир канча жылдан бери билим берүү тармагын реформалоо жөнүндө маселелер көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келет.

Ошондой эле ал жогорку окуу жайлардагы билим берүү унутта калып жатканын белгиледи.

«Жакында эле билим берүү жөнүндө мыйзам кабыл алынды. Бул жакшы. Бирок ошол эле учурда жогорку окуу жайларда билим берүү такыр эле унутта калып жатат. Көбүнчө мектептерге маани берилип жатат. Жогорку окуу жайлардагы билим берүүнү түп тамырынан реформалоонун талабы эчак эле келип жеткен. Ички контенти да, структурасы да, стратегиясы да жарымы советтик системада калып кеткен. Бир бүтүн процесс жок ушундай абалда турат».

Студенттердин эл аралык күнү биринчи жолу 1941-жылы белгиленген. Бул күндүн алдында тынчтык жана достук үчүн күрөштүн эл аралык студенттик жумалыгы (10-17-ноябрь) өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM