Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 740 миңдей бала бакчага барбайт

Билим-маданият | 16 Ноя 2023 | 3692 | 0

Кыргызстанда 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбайт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев 14-ноябрда Бишкектеги Касым жаңы конушунда жаңы бала бакчанын ачылышында сүйлөп жатып айтты. Анын айтымында, бала бакчалар менен камсыз кылуу максатында жаңы пилоттук долбоор ишке кирди. Буга чейин үй тибиндеги бала бакчаларды иштетүү долбоору да ишке кирген. Адистер бүгүнкү күндө өлкөдө бала бакчалардын санын көбөйтүү аракеттери көрүлүп жатканын айтышууда. 1-6 жаштагы балдардын бала бакчага баруусу канчалык маанилүү? 

14-ноябрда Бишкектеги Касым жаңы конушунда жаңы бала бакчанын ачылышында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев өлкөдө 1-6 жаштагы 960 миңдей баланын 740 миңдейи бала бакчага барбашын айтты.

Били берүү жана илим министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзида Касымова бүгүнкү күндө өлкө боюнча 1834 бала бакча иштеп жатканын маалымдады.

Анын ичинен 1583 бала бакча мамлекеттик, 251и жеке менчик.

Министрликтин өкүлү учурда Бишкектин эки районунда 47 үй тибиндеги бала бакча иштеп жатканын белгиледи.

«Бүгүнкү күндө бала бакчаларга 220 миңден ашык бала барып жатат. Өлкө боюнча мектепке чейинки куракта 1 млн 107 миң бала бар. Ошондой эле Бишкек шаарында өкмөттүк акселераторлор долбоору июнь айында ишке ашты. Анын алкагында өлкө боюнча 900дөн ашык тарбиячы квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүштү. Алар үй тибиндеги балдар бакчасын уюштуруп жатышат. Бүгүнкү күндө жеке ишкер катары каттоодон өткөн 253 адам. Бирок алардын ичинен азыркы учурда балдар бакчасын ачкандардын саны 47».

Кыргызстанда бала бакчалардын жетишсиздиги бир канча жылдан бери чечилбеген көйгөй бойдон калууда.

Билим берүү тармагы боюнча адис Мырза Каримов учурда мамлекет тарабынан бала бакчаларды көбөйтүү максатында бир катар долбоорлор ишке киргенин белгиледи.

Анын айтуусунда, ар бир ата-эне балдарын 1 жаштан 6 жашка чейин бала бакчага бериш керек.

Ал бүгүнкү күндө атайын программанын негизинде бала бакчалар ачылып жатканын, бирок андагы түзүлгөн шарттар, иштеп жаткан тарбиячылардын квалификациясын текшериш керектигин сунуштады.

«Мурдагы жылдан баштап жеке менчик бала бакчаларды ачкандарга жеңилдиктер берилип баштаган. Мындай кадамдар албетте жакшы. Бирок бул нерсенин экинчи жагы да бар. Бул бала бакчаларда иштеген тарбиячылар. Кандай тарбиячылар иштейт? Педагогикалык билими барбы? Кандай шарттарда ачылып жатат? Тарбиячылар атайын окутуудан өткөнбү? Мында ушулардын үстүнөн көбүрөөк иштеш керек».

Учурда Бишкекте 94 муниципалдык бала бакча бар, аларда 25 миң 408 бала тарбияланууда. Дагы 28 миң 494 бала кезекте турат.

Ал эми педагог Саадат Сатарова 1-6 жашка чейинки балдар сөзсүз бала бакчага барышы керектигин белгиледи.

Анын айтымында, бала бакчага барган баланын коомго аралашуусу, байланыш түзүшү жеңил болот.

«Бала бакча балдардын өнүгүшүнүн эң маанилүү бөлүгү. Ата-энелер иштебесе да балдарын бала бакчага бериш керек. Баланы өсүп жаткан куракта үйдө алып отурган болбойт. Үйдөн эле караса болот дешет. Бул туура эмес. Үйдө тамак-ашын берип, оюнчук, китептерди берип коюшат. Бул баланын толук кандуу өсүшүнө тоскоол болот. Баланы ар тараптуу өнүктүргүбүз келсе бала бакчага бериш керек. Алар бала бакчада коомго аралашканды, мамиле курганды үйрөнүп, интеллекти өсөт. Ошондой эле коллектив менен иштегенди, жоопкерчиликти үйрөнүшөт».

2014-жылдагы Мультииндикатордук-кластердик изилдөөнүн жыйынтыгында 3-5 жаштагы балдардын 23%ы гана бакчага барары белгилүү болгон. Шаар жеринде бала бакчага баргандар 40,5%ды түзсө, айылдарда 16%ы гана бакчага барары такталган.

Билим берүү жана илим министрлиги балдарга туура тарбия берүүгө багытталган программаларды ар дайым колдоого аларын билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM