Биз менен байланышыңыз

«Жашыл» долбоорлорду аныктай турган документ иштелип чыгууда

Кыска кабар , Пикирлер | 14 Ноя 2023 | 409 | 0

Экономика жана коммерция министрлигинде учурда «жашыл таксономия» деп аталган маанилүү документ иштелип чыгууда.

Бул тууралуу «Маралдын» эфиринде министрликтин Стратегиялык пландоо бөлүмүнүн башчысы Эрмек Ашыров айтты.

«Жашыл таксономия» деген эмне? Кыскача айтканда, бул классификатор. «Жашыл» долбоор деп жатабыз, бирок аны кантип аныктайбыз, демек бизге классификатор керек. Бул дүйнөлүк стандарт. Буюрса, жыл аягында же келерки жылы документти коомдук талкууга чыгарабыз. Биринчи этапта төрт багыт камтылат. Энергетика, айыл чарба, транспорт жана төртүнчү багыт учурда  такталууда» , — деди Эрмек Ашыров.

Анын айтуусунда, жашыл экономиканы аныктай турган ченемдерди Экономика министрлигиндеги адистер, эксперттер иштеп чыгууда.

Туруктуу каржылоо боюнча жол картасы да иштелип чыгат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM