Биз менен байланышыңыз

Эки кыргызстандык айым Түркияда ишкер аялдардын сынагына катышат

Кыска кабар | 14 Ноя 2023 | 308 | 0

Бүгүн, 14-ноябрда ишкер аялдардын форуму жана эл аралык көргөзмө өтүүдө. Үчүнчү жыл өтүп жаткан иш-чара ар кайсы тармакта иш алып барган аялдардын башын бириктирет.

Ага катышкан Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мындай иш-чаралар социалдык-экономикалык чөйрөдө аялдар менен эркектердин ортосундагы ажырымды жоюуга көмөктөшөрүн айтты. Анын пикиринде, аялдардын ишкердиги – бул жөн гана экономикалык демилге эмес, бул коомду өзгөртө ала турган кыймыл.

EXPO сынагына өлкөнүн бардык аймактарынан 273төн ашык катышуучу форма толтуруп катышты. Алардын ичинен 200дөн ашык ишкер аял атаандаштык чөйрөдө бизнести ийгиликтүү башкаруу үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү жана билимди алуу үчүн интенсивдүү, комплекстүү BootCamp программасына катышууга чакырылган.

EXPO критерийлерине жооп берип тандалган 40 ишкер айым инвестиция тартууга жана бизнестин өсүшүн жогорулатууга багытталган атайын окутуу жана насаатчылык программаларына катышты.

«EXPO-2023 аялдардын ишкердиги» долбоорунун эки катышуучусу Кыргызстандын атынан 2024-жылдын июнь айында Түркиянын Стамбул шаарында БУУнун Аялдар түзүмүнүн Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык кеңсеси тарабынан уюштурулган аймактык EXPO Capital Quest көргөзмөсүндө эл аралык инвесторлордун кеңири аудиториясына бизнес долбоорлорун сунуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

«EXPO Айымдар ишкердиги — 2023» форуму үчүнчү жыл ар кайсы региондордон жана экономиканын секторлорунан ишкер аялдарды чогултуп, аларды оң социалдык өзгөрүүлөргө шыктандыруу жана гендердик теңчиликти илгерилетүү максатын көздөйт.

Иш-чараны БУУнун Кыргызстандагы Аялдар түзүмү эл аралык уюмдар, Экономикалык саясатты изилдөө институту, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, Accelerate Prosperity уюмдары уюштурууда.

Copyright © 2017 Maral FM