Биз менен байланышыңыз

Министр адвокаттардын курултайы интригасыз өтүшү керектигин билдирди

Кыска кабар | 13 Ноя 2023 | 228 | 0

Ушул жылдын 22-ноябрында «Адвокатура жана адвокаттык иш жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөрдүн күчүнө кирет жана адвокаттардын съезди өтөт. Буга байланыштуу юстиция министри Аяз Баетовдун кайрылуусун министрлик таратты.

Анда айтылгандай, Адвокаттар кеңеши убактылуу жетекчиликти тандап, мыйзамдын жоболорун ишке ашырышы керек. Тез арада өлкөнүн бардык облустарында жалпы чогулуштарды өткөрүп,  2024-жылдын башында съездди өткөрүүгө тийиш, анда Адвокатуранын жаңы мыйзамдуу жетекчилиги шайланат.

Министр Баетов жаңы съезд ар кандай интрига жана шайлоонун жыйынтыктарын манипуляциялоо аракеттери жок, калыс өтүшү керектигин белгилейт.

«Мурда болгон каталар кайталанбашы керек. Биз алдыга умтулуп, жаңыча иштешибиз керек. Адвокаттык иш чөйрөсүндө акыркы жылы түзүлгөн кризиске көңүл бурбай кое албайбыз. Биз адвокатуранын жететекчилерине эле эмес, ар бир адвокатка тиешелүү көптөгөн проблемалардын болгондугун тана албайбыз. Мисал катары айрым проблемалуу аспектилерди белгилей кетким келет.

Биринчиден, адвокаттар өзүн — өзү башкарган адвокаттык коомчулук катары уюшулуп, корпоративдик биримдикти өнүктүрө алдыбы? Кесиптин өнүгүүсүн башкы приоритет кылууга тийиш.

Экинчиден, бул кесиптин кадыр-баркына шек келтирген көптөгөн адвокаттардын болгондугу жашыруун эмес, муну менен күрөшүү үчүн Адвокатура эмне иш жасады? Этика боюнча комиссиянын өз ишине карата жасалган көңүл кош мамилесинин натыйжасында адвокаттарга карата даттануулардын бир нече жыл бою каралбай калганы жалганбы?

Жүздөгөн жана миңдеген жарандар адвокаттардын натыйжасыз, ачык эле алдамчылык жүрүм-турумуна дуушар болууда, эгер Адвокатура буга каршы күрөшпөсө, анда ким күрөшөт?

Үчүнчүдөн, стандарттарга туура келбеген адамдардын бул кесипте иштөөсүнө тыюу салынышы керек, анткени алар бүтүндөй кесиптин кадыр-баркына шек келтирет» , — деп айтылат министрдин кайрылуусунда.

2024-жылдын 1-мартында Кыргыз Республикасынын адвокатынын 100 жылдык мааракеси белгиленет.

Copyright © 2017 Maral FM