Биз менен байланышыңыз

Көлбаев түзгөн топтун мүчөлөрү ишкерлерге 385 миң долларды кайтарды (видео)

Кыска кабар | 13 Ноя 2023 | 427 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, жылдар бою ишкерлердин Кытайдан экспорттолгон жүктөрүн жана эл керектөөчү товарларын мыйзамсыз тартып алып жүргөн кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды.

Атайын кызмат бул топ Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү экенин билдирди.

УКМКга 385 миң АКШ доллары өлчөмүндө материалдык зыян тарткан М.Г. атту жаран арыз менен кайрылган. Жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында арыз ээсинин жүйөлөрү тастыкталып, «өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык» фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун айрым мүчөлөрү, анын ичинде Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар аныкталып, кармалган.

Тергөөнүн жыйынтыгында кармалган айрым адамдар тарабынан келтирилген зыян транспорттук-логистикалык ишканага жана эл керектөөчү товарлардын ээлерине толугу менен кайтарылган. Учурда сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын негизинде тергөө амалдары уланууда.

Copyright © 2017 Maral FM