Биз менен байланышыңыз

Бишкекте КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт

Кыска кабар | 13 Ноя 2023 | 165 | 0

16-17-ноябрда Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигине кирген өлкөлөрдүн парламенттер аралык ассамблеясынын күзгү сессиясы өтөт.

16-ноябрда түштөн кийин КМШ Жаштар парламенттер аралык ассамблеясынын жана КМШ ПААнын саясий маселелер, эл аралык кызматташтык, социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссияларынын отурумдары өтөт.

Ошондой эле бул күнү шериктештикке кирген өлкөлөрдүн парламентарийлери Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференцияга катышат.

17-ноябрда КМШ өлкөлөрүнүн парламенттик делегация башчыларынын катышуусунда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтөт. Ушул эле күнү КМШ ПААнын 56-пленардык жыйыны өтөт.

Ошондой эле кыргыз-казак жаштар форумун өткөрүү пландалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM